super.kg logo

УКМК: "Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы алдамчылыкка шектелүүдө"

 

Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы Ж.Н. аттуу айым акча каражаттарын мыйзамсыз алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган кызматтын статс-катчысы Ж.Н. кызматтык абалынан пайдаланып, алдамчылык аракетин көргөн фактылар аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"2020-жылдын октябрында аталган Ж.Н. ишеним менен Ж.И. аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 миң 700 доллар каражатты өзүнө ыйгарып алган.

Муну менен катар ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтүп, бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө иш сапарлар менен камсыз кылып турган. Аталган элементтерге мыйзамдуулукту берүү максатында, статс-катчы насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан сырткары анын кызматтык бөлмөсүнө жана жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрү, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынды. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: