super.kg logo

Бишкекте Globus соода түйүнүнүн дагы бир дүкөнү ачылды

 

Эми жагымдуу жана пайдалуу сатып алууларды 20-майда Бишкекте ачылышы болуп өткөн Globus соода түйүнүнүн дагы бир дүкөнүнөн жүргүзө аласыздар. Алма-Ата көчөсү №6 дарегинде жайгашкан жаңы, кенен дүкөн кардарларды күнү-түнү, жуманын жети күнү күтөт.

Ыңгайлуу жерде жайгашкандыгы жакынкы аймактардын жашоочулары үчүн гана эмес, шаардан эс алууга же Ысык-Көлгө кетип бара жаткандар үчүн да соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Үйүңүзгө керектүү буюмдарды толуктоо жана чарчап-чаалыгуудан кийин тамак-аш даярдоодо убакытты текке кетирбөө үчүн кайтып келе жатып Globus дүкөнүнөн токтоону унутпаңыз. Баса, дүкөндүн кардарлары үчүн ыңгайлуу унаа токтотуучу жай да бар, бул ыңгайлуулукту бардык унаа ээлери баалайт деп ишенебиз.

Адатка айлангандай эле жаңы Globus дагы сапаттуу товарлардын кеңири түрүн орточо базар баасынан төмөн баада сунуштайт.

Жаңы өнүмдөр, ар кандай турмуш-тиричилик буюмдары, тейлөөнүн жогорку деңгээли, жагымдуу акциялар, бонустар жана арзандатуулар - Globus ар дайым өзүнүн маркасын бийикте сактайт!

Бул жерде сиз күнүмдүк жана ири суммадагы сатып алууларды өзүңүз үчүн ырахаттануу жана үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө менен жасай аласыз.

Ошентип топтолгон карталар түрүндөгү берилгендик программасы жана заманбап ыңгайлуу мобилдик тиркеме соода түйүнүнүн бардык аймагында иштейт, бул пайдалуу сатып алууларды, ар кандай акцияларга катышууну, кошумча арзандатууларды жана белектерди алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүн Бишкек шаарында жана республиканын региондорунда 32 Globus дүкөнү ачылгандыгын белгилей кетүү керек - арзан баадагы, сапаттуу товарлар жана ыңгайлуулуктун аймактары!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: