super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык мигранттар улутчулдардын "Орус маршы" акциясына каршы митинг уюштурууга даяр

 

Орусияда жашаган ар түрдүү улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү Москва шаарынын мэриясына улутчулдардын 4-ноябрга пландалып жаткан  "Орус маршы" акциясын токтотууну суранышты. "Интерфакстын" 22-октябрдагы билдирүүсүндө, эгер улутчулдардын акциясы токтотулбаса  мигранттар каршы митингге чыгышарын билдиришти. Жооп катары чыгып жаткан митингди Орусиядагы Мигранттар федерациясынын башчысы Мухаммад Амин уюштурууда. Амин " Улутчулдардын акциясы күнөөсүз адамдарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырат" дейт. 

Эске салсак, Орусиянын борборунда өтүүчү улутчулдардын "Орус маршы" акциясы Москва шаарынын Люблино районунда өткөрүлгөнү жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар шаар мэриясына тиешелүү кат жиберишкен.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: