super.kg logo

Новопокровкада уурдалган унаа. Аны айдап качууга шектелип аталган балдар үйүнүн тарбиялануучусу кармалды

 

Чүйдөгү Ысык-Ата районунда жайгашкан балдар үйүнүн бирине таандык унааны уурдоо фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майда Ысык-Ата райондук милициясына аталган аймактагы балдар үйүнүн кызматкери кайрылган. Анда ошол эле күнү түн ичинде Новопокровка айылында токтоп турган Деу Домас үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы унааны айдап качууга шектелип 16 жаштагы аталган балдар үйүнүн тарбиялануучусу кармалган. Милициядан учурда унаа айып короого токтотулуп, бардык жагдайлар аныкталып жатканын кошумчалашты.

Эске салсак, буга чейин Новопокровка айылындагы "Биздин үн" социалдык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасын уурдап кетишкени кабарланган. Андагы маалыматка ылайык, балдар аталган унаа менен тамак-ашка, дегеле бардык керектөөлөрү үчүн каражат табышчу.

Көп өтпөй унаа аталган айылдагы үйлөрдүн биринен табылган. Ал эми милиция шектүүнү издеп жатканын кабарлаган.

Унаанын үлгүсү Daewoo Damas, 2000-жылы чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: