super.kg logo

Милиция аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Чүйдө жер төлөөдөн адамдын сөөгү чириген абалда табылды

 

Чүй облусунун Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринин жер төлөөсүнөн адамдын сөөгү чириген абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин жер төлөөсүнөн адамдын сөөгү чириген абалда табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган жарандын денесинен кандайдыр бир жаракат табылган эмес. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жарандын аты-жөнү такталбай жатат. Улуту белгисиз, жашы болжол менен 45-50дө. Табылган кийими - кара түстөгү күрмө, күрөң түстөгү шым, бутунда көлөчү бар", - деп жазылат маалыматта.

Сокулук райондук милициясы аталган жаранды таануу мүмкүн болбой жатканына байланыштуу коомчулуктан көмөк сурайт: 0-3132-5-33-80, 0312 60-75-67, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.05.2021. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саша эмеспи (Кара көздөгү)
21.05.2021. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afrodita1993,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: