super.kg logo

"Жергиликтүү тургундар алып чыкты". Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген кыз куткарылды

 

Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген кыз куткарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылынын атын атагысы келбеген тургуну билдирди.

"Окуя бүгүн, 20-майда түштөн кийин орун алды. Кыздын аты-жөнү ким экендиги азырынча белгисиз. Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген экен, жергиликтүү тургундар көрүп суудан чыгарып алышты", - дейт тургун.

Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Аксы райондук куткаруу бөлүмүнө байланышканыбызда, окуя такталып жаткандыгын билдирип, бирок ГЭСтин кыз түшкөн тарабы Таш-Көмүр шаарына карай тургандыгын айтышты.

Мындан улам Таш-Көмүр шаардык куткаруу кызматына байланышканыбызда, бул боюнча эч кандай так маалыматтары жок экендигин айтып, такталып жаткандыгын билдиришти.






Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген кыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
20.05.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба
20.05.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимдин башына салбасын бул дартты,дем салдырыш керек бул кызга.
20.05.2021. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаштар балдар кыздар өз өмүрүңөрдү кыйбагыла кыйынчылык убактылуу гана болот. Өтүп кетет өмүр кыйылса ордуна келбейт,куткаргандарга Алла ыраазы болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: