super.kg logo

"Таласка алып бара жатышкан". Бишкекте 19 жаштагы кызды уурдоого шектүү жарандар кармалды

 

Бишкекте 19 жаштагы кызды уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда болжол менен саат 22:00 чамасында аталган башкармалыктын кызматкерлерине Бишкек шаарынын Октябрь районунда белгисиз эки жаран 2002-жылы туулган кызды уурдап кеткени тууралуу багыттама берилген.

"Маалымат келип түшөөрү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин баштап, "Перехват" операциясы киргизилген. Натыйжада, Сосновка постунан болжол менен саат 00:30 чамасында Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшергенде, ичинде эки жигит жана уурдалган кыздын жашына туура келген кыз бар экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, алар адам уурдоого шектүү балдар экендиги такталган. Алар Талас облусуна бара жатышкан. Кармалган 23 жана 26 жаштагы эки жаран жана 19 жаштагы кыз андан аркы тергөө иштери үчүн Октябрь РИИБине өткөрүп берилди", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.05.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гипердиагностика болуп кыз өзү кетип жатса да кармай беришет.
21.05.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарыбыз турмушка чыкпай калып кетпесин, эгер макулдугу болсо кое бергиле.
21.05.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, согласиеси болсо кое бергиле. Алып качкандары бир жагынан түшүнүш керек, чыгымы аз болот экен, чөнтөккө карап иш кылабыз да. А астына баргандан баштап эсептесек бизге окшогондордун машина, мал мүлкү сатылып калбай калчудай. Алып качып келсе оңой болот экен, внтпесек балдар кыздарыбыз үйлөнбөй, тийбей жүрө беришчүдөй. Акчасы аз адамдарды да түшүнүп койгула, негизгиси жашоосу таттуу болуп бактылуу жашап кетишсин. Ошто анча мынча өзбөктөр да ала качып жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: