super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарандарды чет өлкөгө чыкпай турууга чакырды

 

COVID-19 илдети дагы деле болсо коркунучтуу, ошондуктан адамдар мүмкүн болушунча чет өлкөгө чыкпай турушу керек. Мындай пикирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Учурда коркунуч сакталып турат. Биз кылдаттык менен иш алып барып, чет өлкөлөргө саякаттоо пландарын карап чыгып же андан баш тартышыбыз керек", - деген Клюге.

Клюге Европада COVID-19 инфекциясынын очоктору сакталып кала берерин, эгер бийлик этияттык чараларын көрбөсө, тездик менен жайылышы мүмкүн экендигин баса белгилеген.

Мындан тышкары ал ДССУнун маалыматы боюнча, COVID-19га каршы вакциналар белгилүү болгон бардык штаммдарга каршы иштей тургандыгын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: