super.kg logo

Белгилүү композитор Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы Нарында өтөт

 
Белгилүү композитор, Кыргыз Эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы Нарында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 20-майдан тартып 26-майга чейин Нарын облусундагы министрликтин аймактык бөлүмдөрү, театр, оюн-зоок мекемелери, балдардын музыкалык жана искусство мектептери композитор Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгын өткөрөт.
Ал эми 26-майда саат 18:00дө жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында белгиленет.
Кыргыз Эл артисти, залкар обончу, композитор Калыйбек Тагаев 2020-жылдын 16-сентябрында 80 жашында көз жумган.
Маалымат үчүн:
Калыйбек Тагаевдин "Элмира", "Назгүлүм", "Долон", "Ат-Башым", "Жаштык вальсы", "Жаныбарым, Гүлсарым" чыгармаларына обон жаратып, аларды Канымгүл Досмамбетова, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева аткарышкан. Мындан сырткары анын "Өмүрдү бирге сүргүм бар", "Классташтар вальсы", "Махабат арманы", "Асылым", "Көрөмбү сени кайра?", "Сүйгөнүм көлдүн ак куусу", "Таалайым сенде" деген ырлары бар.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Калыйбек Тагаев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдарга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: