super.kg logo

Кытайдын эң бай адамдарынын бири каза болду

 

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири "KE Holdings" кыймылсыз мүлк компаниясынын негиздөөчүсү Цзо Хуэй 20-майда күтүүсүздөн көз жумганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын эң бай 15 кишинин катарына кирген миллиардер оорунун күтүлбөгөн жерден күчөп кетишинен көз жумган.

Цзо Хуэй 1971-жылы Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясында туулуп, 1992-жылы Бээжиндин Химиялык технология университетин аяктаган. Алгачкы байлыкты кытайлык ММКлардын маалыматы боюнча, ал камсыздандыруу бизнесинен тапкан. Андан кийин 2001-жылы өзүнүн биринчи кыймылсыз мүлк компаниясы "Beijing Lianjia Real Estate Brokerage" негиздеген. 2018-жылы "Hui, KE Holdings" компаниясын негиздеп, Beike аттуу Кытайдын ири турак жай келишимин жана кызмат көрсөтүү платформасын ишке киргизип, өлкөдөгү эң таасирдүү ишкерлердин бири болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.05.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимге калды эми ошончо байлык.болсо бир баласы барда мунун.эми ошол баласы иштете алабы?

Айтарым баласы иштете албаса бизге которуп койсун.бисмилла деп өздөрүнүн капысынан кутулуп калат белек дейм да,
21.05.2021. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайырчы бол, падыша бол баарибир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың..., деген ыр саптары эсиме түштү.
22.05.2021. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык менен бийлик сенин өмүрүңдү сактап кала албайт да. Канча байысан да ден соолукту сатып ала албайсың да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: