super.kg logo
  Спорт  

"Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова...". Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшадагы эл аралык турнирге катышат

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган "Poland Open" рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 22-майдан 7-июнга чейин Эстониянын Таллин шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:
1. Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм;
2. Айпери Медет кызы 76 килограмм;
3. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм;
4. Нураида Анаркулова 59 килограмм;
5. Назира Марсбек кызы 59 килограмм;
6. Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу;
7. Бактыгүл Алишева дарыгер;
8. Константин Еремич массажист.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
21.05.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик,но олимпиадага чейин машыгуу откоруп,турнирлерге катышпай турбапсынар.Кудай сактасын травма алып калып,олимпиадага катышпай калбагыла
22.05.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулушканы убара кылбай эле алтынды берип жибербепсиңер урматтуу польшалыктар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: