super.kg logo

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жаңы орун басарларын тааныштырды.

Ал белгилегендей, алдыдагы негизги максат – республикада орун алган жеңил эмес экономикалык абалдан чыгуу.

"Министрлер кабинетинин астына так милдет – экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Буга катар мамлекет тарабынан алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл, Баткен облусунун Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган инфраструктуралык жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштери сапаттуу деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш. Мындан тышкары калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүү, жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу керек. Өзгөчө көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана чек ара маселелерин чечүүгө буруу зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин ачык-айкын иш алып барууга чакырды.

"Ар бир жарандын кайрылуусу ыкчам чечилиши керек. Адамдар айласы кеткендиктен өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгуусуна жеткирбөө керек. Эгерде ар бир мамлекеттик орган кайрылуулар менен ыкчам иш алып барса, бул бийлик органдарына карата ишенимди арттырып, жарандардын турмуш-шартын жеңилдетүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет", - деди Министрлер кабинетинин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: