super.kg logo

Бишкектеги "Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар бала сабалды. Милиция тергөө ишин баштады

 

Бишкектеги "Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалышы боюнча милиция тергөө ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биринчи Май РИИБинин орун басары Руслан Бердибаев бул иш боюнча тергөө иштерин жеке көзөмөлүнө алды.Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин толук маалымат беребиз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аталган борбордун кызматкери 6 жаштагы церебралдык шал оорусу менен жабыркаган баланы сабаганы тууралуу жазып чыкты.

Анда Молдокматовага баланын апасы кайрылган. Катта: "Менин атым Назгүл, балам 6 жашта, ал балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркайт. Жакында эле мен баламды дефектолог адисине окууга алып баргам, анткени уулум сүйлөй албайт. Ал адис менин баламды катуу сабаптыр, сураныч мага жардам бериңиз. Ал баламды уруп жатканы тууралуу видео дагы бар", - деп жазган ал.

Апасынын айтымында, ал 17-майда баласын "Аутизмди жеңебиз" борборуна алып барган.
Молдокматова аталган борбордун директоруна чалганда, аталган дефектолог ошол эле күнү кызматтан алынганы белгилүү болгон. Ал эми борбордун директору бул окуя болгон учурда Москвада ооруканада экенин айткан.





"Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалышы боюнча милиция тергөөнү баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
21.05.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам эмес айбан,балага зар болуп калгысы бардыр
21.05.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чынында менин балам ушунтип чачканда мен да чаап кайра жыйнаттырам. Жеген таягы бар, и по барабану кто что скажет. Менин балам тарбиялуу болуп чоноюшу керек.
Так что не увидел ничего страшного в этом.
21.05.2021. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
TIMON_BERKOWITZ,сиздин баланыз Ден соолугу акыл Эми бар бала болсо керек.А бул жерде аутизм менен жабыркаган бала.инвалид мындайча айтканда.дцп дагы.жетиге чыгып жаны басыптыр.тиги дефектологду жумуштан эле алып койбой жоопко тартылсын.нерви жука болсо башка иш иштесин.
21.05.2021. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул тарбиячы озу майып окшойт акыл жагынан, мунун озун даарылаш керек!!! Жазага тартыш керек!
21.05.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге супердин видеолорун ачсан эле катып, кыйынчылык менен көрөбүз, башка сайтта сонун эле ачылат
21.05.2021. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазага тартыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: