super.kg logo

"Аутизмди жеңебиз" борборундагы 6 жашар баланын сабалышы боюнча директор окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Буга чейин Бишкектеги "Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалганы кабарланган.

SUPER.KG порталы аталган борбордун директору Анара Данияровага байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат алды.

Анын айтымында, коомчулукка тарап жаткан видеону аталган борбор баланын ата-энесин чакыртып туруп өздөрү беришкен.

"Бул ата-эне бизге май айынын башында келишкен. Биздин борбордун ар бир кабинетинде видео көзөмөлдөр орнотулган. Камерага жазылган видеолорду мен жана эки байкоочу гана көрө алат. Биз видео көзөмөлдөргө тынымсыз байкоо жүргүзүп турабыз. Ал эми сөз болуп жаткан кызматкер бизде иштегенине 1 жылдан ашты. Башында ыктыярчы болуп келген, кийин жумушка алганбыз. Буга чейин анын жаман жактарын көргөн эмеспиз. Тийиштүү диплому бар, буга чейин көптөгөн жерде иштеген экен.

Бул окуя 17-майда болду. Ата-эне бизге балам ыйлап чыкты дегенинен, камераларды карап чыкканбыз. Ал жактан окуя тууралуу көргөн соң, ошол эле күнү аталган кызматкерди жана анын жанындагы дагы бир адисти жумуштан бошотуу тууралуу буйрук бергем. Ошентип видеону көргөн соң дароо баланын ата-энесин чакыртып, колуна видеону тапшырып бергенбиз. "Милицияга берсеңиз дагы же башка жерлерге кайрылсаңыз дагы сизге керек деп бергенбиз", - деп билдирди директор.

Ошондой эле Даниярова өзүнүн баласы дагы аутизм менен жабыркап келерин кошумчалады.

"Бул борбордун ачылуусу дагы ушуга байланыштуу, балдарга жардам берели деген максатты койгонбуз. Бул нерседен "хайп" жаратып, окуяны бурмалап жатышат. Биз ачык маалымат берип, видеону көрсөтүп жатабыз. Бизге ишеним көрсөткөн ата-энелер турат, биз балдарга жардам көрсөтүүнү уланта беребиз", - деди ал.

Учурда ал Москвада операция болуп, ооруканада дарыланып жатат. Ал "окуяны эки тараптуу карап, бирөөнү каралоодон алыс бололу" деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аталган борбордун кызматкери 6 жаштагы церебралдык шал оорусу менен жабыркаган баланы сабаганы тууралуу жазып чыккан.

Анда Молдокматовага баланын апасы кайрылып, 6 жаштагы баласын дефектолог адиси катуу сабап салганын айткан. Апасынын айтымында, ал 17-майда баласын "Аутизмди жеңебиз" борборуна алып барган.






"Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалышы боюнча милиция тергөөнү баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
21.05.2021. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1 жылда канча баланы сабады экен бул акмак
21.05.2021. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колун сынсын сенин ,акмак !Ушунчалык таш боор экенсиң.Бул жазасыз калбашы керек.
21.05.2021. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооруган бала эмес, соо баланы деле оюнчуктарын жыйганды каалабаса зордой албайсын гоо бул ит жон эле кордоптур колун сынгыр. Озун да ушундай кор болсон экен акмак. Балдарга ушундай жаман мамиле кылат экенсин сен. Башка жакта иштебейсинби желмогуз.Шалавадай болуп карап отурган катын да жазасын алсын
Egizderim-baktim түзөттү 2021-05-21 20:12:18
21.05.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип карап турду дейм да берки аял, значить ал да ушундай болуш керек. Буларга ишенип канча адам оорукчан балдарын тапшырышкан. Колун сынгыр, ооруган эмес соо балага да тие албайсын го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: