super.kg logo

"Жакшы болуп калдым". Баткенде барымтага алынган айыл башчы ооруканадан чыгарылды

 

Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан улам Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев барымтага алынып, токмоктолгон.

"Дарыланууга Бишкекке бара жатам, антпесе дем алуум жакшы болбой жатат" деген айыл башчысы Бишкек шаарына 6-май күнү келген. 12 күн бейтапканда жаткан Жумабеков ден соолугу калыбына келип калганына байланыштуу 18-май күнү Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан чыгарылды.

Мырзабек Жумабаевдин азыркы абалы

Бул тууралуу Жумабаевдин ден соолугун сурап, байланышканыбызда белгилүү болду.

"Буюрса, азыр ден соолугум жакшы, калыбына келип калды. 12 күн ооруканада жаттым. Ал күндөрдү эстегим келбейт, азыр ден соолугумду карап, эс алып жүрөм. Мени караган дарыгерлерге рахмат айтам", - деди Жумабаев.

Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен, Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: