super.kg logo
  Саясат  

Борбордо "Тез жардам" станциясына 505 чакыруу келип түшкөн

 

Бишкек шаарында 22-октябрда, бир сутка ичинде "Тез жардам" станциясына 505 чакыруу келип түшкөн. 385не кызмат көрсөтүлүп, анын ичинен 102 адам ооруканага жаткырылган. Бишкек шаарындагы аталган кызматтын станциясынын билдирүүсүндө, жол транспорттук кырсык болгон 5 жерге  (алардын 3өө автокырсык, 2өө авто унаа менен коюп кетүү) барып да кызмат көрсөтүшкөн. Булардан тышкары түрдүү окуя, кырсыктарга кабылгандарга кызматын аяшкан эмес. Алардын айтуусунда,  Фрунзе-Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен автомобиль коюп кеткен 13 жашар баланы карап, текшере келгенде баланын мээсинин козголуп калгандыгы анык болгон. Ошондой 51 жаштагы жаран өзүн өзү атып, булар "Тез жардам" кызматы баргыча  каза болгонуна күбө болгон. Бир суткада беш өлүм катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: