Баткенде аткезчиликке каршы мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү





Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район-шаар башчыларынын, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда аймакта коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде облустагы коомдук саясий абал, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жана диний абал, аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.
"Жыйында негизги маселе болуп, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуялардан соң чек аралаш аймактарда аткезчиликке бөгөт коюу максатында ыктыярдуу жаштардан түзүлгөн топтор менен биргеликте иш алып баруу үчүн мобилдүү топторду түзүү маселеси каралды.
Соңунда ички иштер кызматкерлери, бажы, салык жана УКМКнын кызматкерлеринен турган төрт мобилдүү топ түзүлүп, Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак айыл аймактарындагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарга жөнөп кетишти", - деп айтылат маалыматта.


1 |