super.kg logo

"Аутизмди жеңебиз" фондундагы баланын сабалышы боюнча окуяны өлкөнүн Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү көзөмөлгө алды

 

Бишкек шаарындагы "Аутизмди жеңебиз" коомдук фондундагы баланын сабалышы боюнча окуя Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Буга чейин аталган мекемеге келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаштагы баланы сабап жатканы чагылдырылган видео тараган.

"Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Жыпариса Рысбекова баланын энеси Назгүл Асанова менен жолуккан. Баланын энеси үй-бүлөнүн ал-акыбалы жана болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берген. Учурда бул үй-бүлө 6 жаштагы Иса Ражапалиевге адистештирилген дарылоодон өтүү үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына убактылуу көчүп келгендиги белгилүү болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү келечекте балдарга карата мындай зордук-зомбулук фактыларына көзөмөл күчөтүлөрүн баса белгиледи.

Социалдык кызматтарды көрсөткөн бардык уюмдарга кабинеттерине видеокамераларды орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап алууну, мындай уюмдарда иштеген кызматкерлерге талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды", - деп жазылган маалыматта.






"Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалышы боюнча милиция тергөөнү баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: