super.kg logo
  Спорт  

Футбол. Чемпиондор Лигасы: Зениттин жеңиши, Каканын “Миланга” кайтуусу жана “Арсеналдын” өз үйүндө жеңилүүсү

 
"Миландын" курамында "Алтын топко" ээ болгон бразилиялык Кака 4 жылдан соң казыгын таап, кайрадан "Миландын" курамына кошулду
"Боруссиянын" чабуулчусу Роберт Левондовский туулган күнүн белгилеп жаткан "Арсеналдын" машыктыруучусу Арсен Венгерди бир гол жана бир жыйынтыктуу чыгаруу менен куттуктады
Кержаковдун тепкен соккусу көздөгөн жерине жетти
"Челсинин" испандык чабуулчусу Фернандо Торрес эки ирет эсеп тактайына өз ысымын жазууга жетишти

22-октябрь күнү клубдар арасында эң беделдүү деп саналган Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 3-турдук беттештери орун алды. Анда “G”, “E”, “F” жана “H” тайпаларындагы клубдардын беттеши өттү. Борбордук беттештердин биринде курамы атактуу бразилиялык оюнчу Кака менен толукталган италиялык “Милан” испандык “Барселонаны” өз үйүндө кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыкса, “Арсенал” өз үйүндө дортмунддук "Боруссияны" кабыл алып, башкы машыктыруучусу Арсен Венгердин туулган күнүнө жеңиш тартуулай алган жок. Беттештин жыйынтыгында Арсенал 2:1 эсебинде жеңилди. Орун алган жалпы беттештердин жыйынтыгы төмөндө: 

“G” тайпасы

"Порту" (Португалия) 0:1 "Зенит" (Орусия) 

Голдор: Кержаков 86-мүнөт

"Аустрия" (Австрия) 0:3 "Атлетико" (Испания)

Голдор: Рауль Гарсия, 8 (0:1). Диего Коста, 20 (0:2). Диего Коста, 53 (0:3).

“Е” тайпасы

"Шальке" (Германия) 0:3 "Челси" (Англия) 

Голдор: Фернандо Торрес, 5 (0:1). Фернандо Торрес, 69 (0:1). Азар, 87 (0:3).  

"Стяуа" (Румыния) 1:1 "Базель" (Швейцария) 

Голдор: Диас, 48 (0:1). Леандро Тату, 88 (1:1).

“F” тайпасы

"Арсенал" (Англия) 1:2 "Боруссия" (Д, Германия) 

Голдор: Мхитарян, 16 (0:1). Жиру, 41 (1:1). Левандовски, 82 (1:2).  

"Марсель" (Франция) 1:2 "Наполи" (Италия) 

Голдор: Кальехон, 42 (0:1). Сапата, 67 (0:2). А.Айю, 86 (1:2).

“H” тайпасы

"Милан" (Италия) 1:1 "Барселона" (Испания) 

Голдор: Робиньо, 9 (1:0). Месси, 23 (1:1).  

  "Селтик" (Шотландия) 2:1 "Аякс" (Голландия) 

Голдор: Форрест, 43-с пенальти (1:0). Каяль, 54 (2:0). Шене, 90+4 (2:1).  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kerjakov meenet kylgan, halktyn umutun aktady. Halk gana ter toktu da keche.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: