Бишкекте белгисиз адамдар эки баланы сабап кетишти
Бишкекте белгисиз адамдар эки баланы сабап кетишти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда кечинде саат 21:28 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" номуруна билдирүү келип түшкөн. Анда Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде адамдар тобу ортосунда жаңжал чыкканы кабарланган.
"Троллейбус станциясынын жанында бир нече белгисиз адамдар эки жаранга физикалык күч колдонуп, денесине залал келтиришкени жана белгисиз тарапка качып кетишкени аныкталды. Жабырлануучулар Улуттук госпиталга жеткирилген. Алардын бири арыз жазган. Экинчи жабырлануучу 1996-жылы туулган жаран эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин (бейбаштык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
