Жарактан чыккан вакциналар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында митинг болуп өттү
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери митингге чыгышты. Анда алар аталган борбордун жетекчиси Нурлан Галбаевдин кызматтан алынганына нааразычылыгын билдиришти.
Митингге чыккан тараптар министр Алымкадыр Бейшеналиев чыгышын дагы талап кылышты.
Ал эми министрликтин өкүлү чыгып, биргеликте жыйындар залында отуруп сүйлөшүүнү сунуштады.
Митингге катышып жаткандар №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисин кайра кызматка алып келүүнү суранышты.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калган. Буга байланыштуу №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурлан Галбаев кызматынан бошотулган.
Муздаткыч өчүп калып, жарактан чыгып калган вакциналарды эсептен чыгаруунун материалдык чыгымы 800 миң сомдон ашканы маалымдалган.






1 |