Улукбек Марипов Кадамжай шаарынын базарына барды






Улукбек Марипов Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кадамжай шаарынын базарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, министрлер кабинетинин башчысы күндө керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы менен таанышып, базарга келген тургундар менен, андан соң жер тилкесин иштеткен дыйкандар менен пикир алышты.
"Министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарларды импорттоодобуз. Бирок биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өлкөнү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздообуз керек", - деди ал.
Мындан тышкары Улукбек Марипов Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы №9 орто мектепте жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.
2018-жылы объектиде иштер башталып, акча каражатынын өз мөөнөтүндө бөлүнбөгөндүгүнөн улам иштер жыйынтыкталбай калган.
Улукбек Марипов социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө басым коюлуп жаткандыгын эске алуу менен башталган иштердин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Маалымат үчүн:
Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы №9 орто мектебин оңдоонун жалпы сметалык наркы 31 миллион 700 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 13 миллион сом сарпталды. Оңдоо иштери үч кабаттуу типтүү имараттын бир кабатында гана аяктаган.


1 |