super.kg logo
  Саясат  

Екатеринбургда документтерди жасоо менен алектенген Кыргызстандын жараны кармалды

 

Орусиянын Екатеринбург шаарында жасалма документ жасоо менен алектенген Кыргызстандын жараны-аял   кармалды. Бул тууралуу 22-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Орусия ИИМинин Свердлов району боюнча экстремизмге каршы борбору февраль айынан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарын жашыруун текшерүү менен иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан. Иликтөөлөрдөгү маалыматтарга ылайык жарандар миграциялык документтерди жасап келишкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери Екатеринбургдагы гараждардын биринде 3 миң рублге документ сатып алышкан. Кармалган жерде текшерүү жүрүп, миграциялык документтин (патент алуу, жумушка уруксат берүү, жергиликтүү гезит-журналдарга жазылуу үчүн) 300 бланкасы, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан жана кыргызстандык 70 жарандын паспорту табылган. Мындан сырткары миграциялык документ үчүн кайрылган 15 чет элдик жаран кармалган. Алардын арасынан  3 адам миграциялык мыйзамды бузгандар.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: