super.kg logo

Орусиялык диетолог тез арыктоого жардам берген азыктарды атады

 

Жай мезгили да келип калды. Бул мезгилде сүйүктүү көйнөгүңүздү кийүү үчүн бир аз арыкташым керек деп ойлонуп жатсаңыз бул маалымат сиз үчүн. Орусиялык врач-диетолог Наталья Пугачева тез арыктоо үчүн кандай азыктарды колдонуу керектигин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтып берген.

Диетологдун айтымында, тез арыктоо үчүн пияз, шпинат, сельдерей колдонуу керек. Себеби алардын курамында аскорбин кислотасы, калий, клетчаткалар жана фолий кислотасы көп. Бул жашылчалар организмде жакшы сиңиши үчүн ага өсүмдүк майын кошсо болот. Андан сырткары ашыкча салмактуулукта капустанын бардык түрү пайдалуу. Анын курамында ар түрдүү витаминдер, кальций, магний бар. Ал эми туздалган капуста ичеги-карындын иштөөсүндө пайдалуу.

Ошондой эле арыктоого камынып жаткандар күнүмдүк рационуна кызылча, бадыраң, сарымсак, чили калемпирин кошсо болот. Булар организмге антиоксиданттык жана антисептикалык таасир көрсөтөт.

Мындан сырткары диетолог, таза сууну жетишерлик деңгээлде ичүү, спорт менен машыгуу жана толук кандуу уйкуну унутпоо керектигин баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: