super.kg logo

Адам эмне үчүн таттуу же туздуу азыктарды жегиси келет? Диетологдун жообу

 

Организм таттуу менен кычкыл азыктарды эмне себептен талап кылат? Бул суроого орусиялык диетолог Ирина Бережная жооп берет.

Орусиялык жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Ирина Бережная таттуу же кычкыл азыктар тууралуу кеп салган.

Диетологдун айтымында, адамдарда туздуу азыктарга караганда таттуу жегиси келген учурлар көп кездешет. Себеби организм көп энергия короткондо анын ордун толуктоо үчүн углеводдорго муктаж болот. Адам физикалык же акыл-эстик чарчоого учураганда глюкоза көп сарпталат. Мындан улам адамдын организми таттуу менен анын ордун толуктоого шашылат. Адам таттуу жегиси келгенде көпчүлүк учурда шоколад колдонот, себеби анда серотонин бар, ал эми серотонин болсо маанайдын гормону.

"Ал эми организм кычкыл, туздуу азыктарды талап кылып жаткан болсо, анда күнүмдүк рационго көңүл буруу керек. Балким, тамак-ашка тузду аз колдонуп жаткан болсоңуз организмде туз жетишсиздиги жаралып, туздуу азыктарды талап кылат. Бирок канчалык тузду көп колдонуп жатсаңыз деле жетишсиз болуп, туздуу азыктарды өлчөмдөн ашык колдонуп жатсаңыз, анда дарыгерге кайрылуу керек, бул симптомдор кайсы бир оорунун белгилери болушу мүмкүн", - деген Ирина Бережная.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: