super.kg logo

Улукбек Марипов Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселеси жөнүндө айтты

 
Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районунун чектеш айылдарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы чек ара маселеси маанилүү маселелердин бири экенин баса белгиледи.
"Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Жакында көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекеттик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүүгө чакырам. Чектеш аймакта жашоонун маанисин мында жашаган тургундар мыкты түшүнөт. Мен ар дайым бул адамдарды элибиздин баатырлары катары белгилеп келем. Дагы бир ирет кайталап кетем, биздин негизги максатыбыз – карапайым калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ал үчүн зарыл нерселерди биз ырааты менен биргеликте ишке ашырабыз", - деди Улукбек Марипов.
Андан соң Улукбек Марипов "Карамык" чек ара заставасына барып, "Карамык - Автожол" жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты.
Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.
Объекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: