super.kg logo

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, алар 2016-жылдан бери изделип жаткан

 

Бишкек ШИИББинин кызматкерлери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 2-январь күнү Сузак районунда шектүүлөр BMW Х5 унаасын ачык түрдө ээсинен тартып алышкан. Унаа Орусиядан алып келинип, Р.М. аттуу жаранга таандык болгон. Ал эми шектүүлөр ошону менен из жашырган.

Унаанын ээси милицияга арыз жазып, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан 1980-жылы туулган Э.М., 1991-жылы туулган С.Б., 1974-жылы туулган О.Т., 1974-жылы туулган Д.Б., 1982-жылы туулган Ш.Н., 1990-жылы туулган жана 1980-жылы туулган С.М. аттуу шектүүлөр кармалган. Алардын бардыгы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турганы аныкталган.

Шектүүлөрдүн үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калгандары тил каттын негизинде бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: