super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге учуп кетти. Президентти кимдер коштоп кетти?

 

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат", - деп жазылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз өлкөсүнө Орусия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: