"Натыйжа болгон жок". Баткенде дайынсыз жоголгон 60 жаштагы кишини издөө иштери токтотулду
Буга чейин Баткенде 60 жаштагы киши дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылынын 1961-жылы туулган тургуну 14-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Изделип жаткан жаранга таандык кийимдер Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган.
"Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Кечээ, 23-май күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын жалпы 25 куткаруучусу, ИИМдин 6 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Саат 17:15те издөө иштери аяктады. Натыйжа болгон жок. Жоголгон жарандын туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иштери токтотулду", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.