super.kg logo

"Ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн". Сузакта 4 бала 17 жаштагы өспүрүмдү сабап кетишти

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 4 бала 17 жаштагы окуучуну сабап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-майдан 22-майга караган түнү болжол менен саат 03:45 чамасында Сузак районунун 2004-жылы туулган окуучусу эс-учун жоготкон абалда облустук клиникалык ооруканага келип түшкөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-беренеси "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ооруканада жаткан баланын атасы арыз менен кайрылган. Анда уулун уруп, ден соолугуна залал келтирген жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Окуяга катыштыгы бар делген балдардын биринин көрсөтмөсүндө 21-майдан 22-майга караган түнү саат 01:15 чамасында Сузак районунун аймагында 4 бала 17 жаштагы баланы уруп, денесине залал келтиришкендигин билдирген.

Окуяга катышты бар делген 4 баланын аты-жөнү такталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: