super.kg logo

АКШнын вице-президенти Камала Харрис өзүнүн жүрүм-туруму менен Түштүк Кореянын президентин шылдыңдады

 

АКШнын вице-президенти Камала Харрис брифинг учурунда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен кол алышкандан кийин колун костюмуна сүртүп жиберген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.



Маалыматка ылайык, бул ишаратты Ак үйдүн YouTube каналына жарыяланган видеодон, каналдын катталуучулары байкап калышкан. Кийинчерээк, видеодогу комментарийлер өчүрүлгөн. Анда катталуучулар АКШнын вице-президентине ар кандай сындарды жаадырган. Алар Харристе адептүүлүк жана сылыктык жок деп айыптаганы жазылат маалыматта.

Камала Харрис президент Жо Байден менен чогуу кызматка киришкен. Ага чейин Харрис Калифорниянын Башкы прокурору, ошондой эле ушул штаттан сенатору болуп иштеген.






Камала Харрис сынга кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: