Жантөрө Сатыбалдиев өзүн итке салыштырганы үчүн депутат Эркин Алымбековдун кечирим сурашын талап кылды
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында депутат Эркин Алымбековдун кечирим сурашын талап кылды. Айта кетсек, жыйында Эркин Алымбеков "Кумтөр" боюнча өкмөт башчынын ишин сынга алып, "моюнунан байланган ит ууга жарабайт" деген макалды колдонгон эле. "Мени трибунадан туруп итке салыштырганыңыз үчүн кечирим сураңыз",- деди Сатыбалдиев. Депутат "сотко бериңиз бул үчүн" деди. Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча өзүнө кылмыш иши козголсо жооп берүүгө даяр экенин да билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

