Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына министр болуп дайындалды
Саясий ишмер Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз өлкөсүнүн атынан министр болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Асанбеков энергетика жана инфраструктура тармагын тейлейт.
Буга чейин аталган кызматты Эмил Кайкиев аткарып келген.
Темирбек Асанбеков бир нече ирет өлкө президенттигине талапкерлигин койгон. Мындан сырткары ал башында турган "Мекен Ынтымагы" партиясы бир нече жолу Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган. 2020-жылы өтүп, кийинчерээк жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекен Ынтымагы" партиясы 0,64 пайыз добуш топтогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
1

