super.kg logo

Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектелген эки аял кармалды

 

Чүйдүн Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 5-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан WhatsApp группаларда таркап жаткан маалыматтар алынган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылында Тажик жарандарына карата чагым иретинде сөз айткан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аталган маалыматка тиешелүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган. Аталган фактыга шектелип 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. аттуу аялдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.05.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1998 жылы туулганга булардын бирөөсү да окшобой
24.05.2021. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы,кокуй ай... 98 -2001 жыл сиңдилерим бар... Булардын алдында алар 11 класстай көрүнөт. Булар 40 таң ашкан көрүнөт го
25.05.2021. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун озу карабай, балдарынын тарбиясы мн алек болбой, куйоосуно баш бербей, уй оокатын унутуп ушак, гыйбат, чагымчылдык менен алек болушуп картан катын корунгондорун сезбей калышкан окшойт
25.05.2021. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара жоолукчан ооззунчо эле бактылууго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: