super.kg logo

Активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду

 

Активист Мелис Аспековго "алдамчылык" фактысы боюнча экинчи кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга Б.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Аспеков алдамчылык менен жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арыз ээсинин тууганын түрмөдөн чыгаруу жагын чечип берем деген шылтоо менен 15 миң доллар акча каражатын алгандыгын жазган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Б.Л. аттуу арыз ээсинин кызы дагы арыз мене кайрылып, күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүү маселесин чечүү үчүн Аспеков батир алып, аны М.Н. аттуу жубайына каттаганын билдирген.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Аспековду мамлекеттик жазаны аткаруу кызматы №21 мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасын тандаган. Учурда тергөөнүн алкагында Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК Мелис Аспековдун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жабырлануучулардан УКМКнын нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт: 0312 660475. Ошондой эле УКМК анонимдүүлүккө кепилдик берилерин кошумчалайт.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: