super.kg logo

Жефф Безосту артка таштады. Миллиардерлердин сап башына Бернар Арно чыкты

 

"Forbes" басылмасынын рейтинги боюнча миллиардерлердин сап башына "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын президенти Бернар Арно чыкты. Бул тууралуу аталган басылманын маалыматына таянуу менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, акыркы бир сутка ичинде Арнонун кирешеси 710 миллион долларга өсүп, жалпы кирешеси 186 миллиард 300 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч менен Арно миллиардерлердин биринчи тизмесинде жайгашкан "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка калтырды. Безостун байлыгы учурда 186 миллиард доллар.

Ал эми үчүнчү сапта (147 миллиард 300 миллион доллар менен) "Tesla жана SpacеХ" компаниясынын башкы директору Илон Маск жайгашкан. Төртүнчү орунда (125 миллиард 300 миллион доллар менен) "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг болсо (114 миллиард 700 миллион доллар менен) бешинчи катарда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
24.05.2021. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мамлекетте биринчи орунда кимдер турат?Супер маалымат берип койгулачы?
25.05.2021. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи орунда денсоолугу жакшы адам бай. Анан шүгүр кылган адам бай.
25.05.2021. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,эн туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: