Поэтерапия: "Муз болуп жибий албай көп жылдарга, Жылуулук көп издедим суусап, чаңкап"
"Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Динара Асанова ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берет.
Динара Асанова 1979-жылы 23-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Эки уул, бир кыздын мээримдүү энеси. Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгектенет. "Ак шоола" ырлар жыйнагынын автору.
Мен досумун башканын
Таарынбаймын, бешенем бул тагдырга,
Канат кайрып, алсыз учсам жалгыз да.
Билдим бирок, кимдер кандай экенин,
Калганымда ылай кечип чалчыкта.
Неге качты жакын достор алыска,
Кечээ гана жүрүшчү эле жанымда.
Дасторконум кенен тегиз жайчумун,
Акыреттик досторум деп асыл баа.
Мейли досум, чындап жүзүң жашырсаң,
Анда кантип сыр айтууга батынам.
Насип кылган өз ырыскым берилген,
Ичсем дагы суусу таза арыктан.
Көрүп калсаң салам бергин жаңылбай,
Түзөлгөмүн, баса аламын чалынбай.
Бирок мага капа болбо, кечиргин,
Сени көрүп мен да калсам тааныбай.
Түшкөн өңдүү таразанын ташына,
Салмагыбыз, жеңил-оор деп артыла,
Азбы-көппү, чеңгелдерге толтуруп,
Таптым азыр достук деген айырма.
Небак токтоп көөнөктөлгөн жаштарым,
Ак барактай жаңы жашоо ачкамын,
Кечир досум, сен калтырып кеткенде,
Жан аябас башка досту тапкамын.
кошулду
