super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Суваналиев: "Мени, 3 акимди жумуштан алганда элде буларды жазалады деген ой пайда болуп калды"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТардолбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев болду.

Анда ал кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты.

"Айрымдар Суваналиевди, үч акимди жумуштан алды деп айтып жатышат. Мындай караганда бизди жумуштан алып койгондой болуп жатат да. Мен бир ай мурун Улукбек Мариповго 3 акимдин маселесин чечкиле деп кайрылгам. Лейлек менен Баткендин акими аттестациядан өтпөй калышкан. Ошондо жумуштан кетет дешкен. Кадамжайдын акими октябрь айынан бери жок. Шайлоого аттанып кызматтан кеткен. Анын милдетин аткара турган биринчи орун басары "мен иштебейм, ооруп жатам" деп арыз жазган.

5-майда мени, 3 акимди жумуштан алганда элде буларды жазалады деген ой пайда болуп калды. Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү менен Согди облусунун делегациясы жолугуп жатышат. Ал тарапта мурунку иштегендердин баары турат. Биз тарапта баары жаңы", - деди Суваналиев.






Суваналиев: "Мен кайсы жерге керек болсом барып иштеп берем"

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: