super.kg logo

Гүлшайыр Садыбакасова, Динара Акулова, Юлия Руцкая... Министр эстрада ырчылары менен жолугушуп, мындан ары алар менен тыгыз иштешерин айтты

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кечээ, 24-майда эстрада ырчылары, композиторлор, аранжировщиктер жана белгилүү продюсерлер менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугууга тармактын Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды.

Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, эстрада вокалисттеринин Кыргыз өлкөсүн эл аралык деңгээлде таанытуусу, автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.

Жолугушууга келген эстрада ишмерлери министр Кайрат Иманалиевдин бул тармак өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп жаткандыгына ыраазычылык айтып, министрлик тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти. Өз кезегинде Кайрат Иманалиев ар бир өкүлдүн суроолоруна жооп берип, мындан ары бул тармак менен тыгыз иш алып баруу үчүн атайын адис бөлүнгөндүгүн маалымдады.

Ошондой эле иштин кызыкчылыгы жана конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн жаңыдан түзүлүп жаткан эстрада ишмерлеринин коомдук уюму менен укуктук талаада иш алып баруу маселеси айтылып, тиешелүү чечимдер коллективдүү болуусун кошумчалады.

Мындан сырткары, министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгилеп, жакынкы күндөрү өлкөбүздө эстрада театрын ачуу менен анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы кадамдары аныкталды. Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
25.05.2021. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кубанычтабыз,ушул маданият окулдоруно да конул бураар мезгил жетти окшойт,ушуга чейин оздорун оздору жок кылбай келе жатышат
25.05.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aky12,Бул жерде в основном только ырчы продюсерлер экен,булар эмнеге жок болмок эле?Той топур,концерт итд баарына барып жатса буларда жашоо малина да.Театр,опера итд га окшогондорго конул буруш керек.Ошолор наоборот жоголбой иштеп журот!
25.05.2021. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Эстрада жанрындагы ырчылар деп турбайбы
25.05.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dembele84,Ошол той топурду уюштурганына деле рахмат,ал да болсо онугуунун бир жолу,мамлекет жардам бербейтат деп жата берсе карангы боюнча калып кетмекпиз
25.05.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок менен Сайкал жарылайын деп калыпсынарго ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: