Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлүмгө себепкер болчу дагы бир вирус чыгарын божомолдоодо
"Эртеби, кечпи адамзат дагы жаңы пандемияга туш болот, ал мындан да кооптуу болушу мүмкүн", - деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал мындай пикирин Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирген.
"Бул дүйнө кооптуулукка кабылып жаткан акыркы учур эмес. Мындан дагы көп өлүм алып келген, мындан да жугуштуу болгон жаңы вирус пайда болот", - деп билдирген ал.
ДССУ жетекчисинин айтымында, вирус менен күрөшкөн мамлекеттер бири-бири менен атаандашпай, тескерисинче кызматташуусу керек.
Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясы 24-майдан башталган. Сессия 1-июнда аяктайт. Анын негизги темасы — пандемияны тез арада бүтүрүп, дени сак, коопсуз жана адилет дүйнөнү калыптандырып, кезектеги пандемияга даярдыкты камсыз кылуу.
