"Чепкен, калпак кийгизип...". Садык Шер-Нияз Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланды (сүрөт)







Бүгүн, 25-майда "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз коңшу Казакстандын белгилүү "Достук" ордени менен сыйланды.
Садык Шер-Нияз эки элдин маданиятына кошкон салымы үчүн сыйланган. Сыйлык тапшыруу аземине маданият министри Кайрат Иманалиев, Өмүрбек Текебаев жана маданият өкүлдөрү катышты.
"Бул биздин маданиятыбызга берилген баа деп кабыл алабыз. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коңшу Казакстан менен биригишкен маданий иш-чараларыбыз өтөт. Ошондой эле кыргыз-казак акындарынын айтышы Бишкек жана Нур-Султан шаарларында өтөт", - деди министр Кайрат Иманалиев.
Сыйлык тапшыруу аземинде Садык Шер-Ниязга калпак, чепкен кийгизилди.
Достук ордени коомдогу өз ара ынтымакты сактоо боюнча жемиштүү иши, тынчтыкты, достукту жана элдин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн жемиштүү кызмат кылгандарга берилет.
