super.kg logo

"Чыр аласа-береседен чыккан". Жигиттин жансыз денеси өзүнүн унаасынан табылган окуянын чоо-жайы

 

Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы баланын өлүмүнө шектелгендер эки айга камакка алынышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Алдын ала маалыматтар боюнча аласа-береседен улам окуя келип чыкканы айтылууда. Тергөө жүрүп жатат. Райондук сот шектүүлөрдү эки айга камакка алды", - деди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаасынын багажынан табылган. 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси 21-май күнү Деу-Лачетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Аталган арыз Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Көк-Жар айылында жайгашкан "Ака-Үка" чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.

Ал эми кечээ, 24-майда айыл башчы каза болгон баланын атасы менен апасы Орусияда иштеп жүргөнүн айткан. "Бала айылда чоң атасы, чоң апасы жана 3 карындашы менен жашачу. Өзү ар кандай жумуштарда иштечү. Азыр сөөгү жерге берилүүдө. Ал эми атасы менен апасы өлкөгө келе жатышат", - деп айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
23.06.2021. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин соседтерим болчу,конул айтам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: