super.kg logo
  Саясат  

Көк-Таш айыл округунун башчысы: “Өзбекстан менен керектүү деңгээлде сүйлөшө албагандыктан биздин айылда көйгөй көп»

 

“Өзбекстан менен керектүү деңгээлде сүйлөшө албагандыктан Көк-Таш айылында ушундай көйгөйлөр жаралып жатат”, - деп билдирет вице-премьер-министр Токон Мамытов менен Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында жергиликтүү элдин жолугушуусунда аталган айылдын башчысы Адылбек Алымов. Бул тууралуу кабарчыбыз Гүлмайрам Сабирбекова Ала-Букадан маалымдайт. Айыл өкмөт башчы 1991-жылы эки мамлекеттин жетекчилери кол койгон  чек ара документи менен маселени чечсек деп сунуштады. Ошол эле учурда Токон Мамытов чек ара боюнча сүйлөшүүлөр, такташуулар Ата Мекендик согуш жылдарынан бери бир нече ирет көтөрүлгөнүн, 1991-жылкы документ акыркы деп атууга болбой турганын айтты. 2006-жылдан бери өлкө боюнча бир да чек ара такталбаган. 

Мамытов мындан сырткары Үзөңгү-Кууштун Кытайга, Каркыранын казактарга берилишинен кийин чек ара маселелерин чечүүдө жоопкерчиликти алуудан жетекчилер коркуп жатышат деп кошумчалады. Эске салсак, Көк-Таш айылы Ала-Бука районундагы чек ара маселелери курч айыл. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: