Кыргызстанда 2015-жыл ак илбирс жылы деп жарыяланат
Бишкекте бүгүн, 23-октябрда ак илбирсти сактап калуу боюнча бүткүл дүйнөлүк форумдун алкагындагы маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Сабиржан Атажанов: "Кыргызстанда 2015-жыл ак илбирс жылы деп жарыяланат" деп билдирди. Мындан сырткары форумга катышкан 12 өлкөдө 23-октябрь Ак илбирс күнү деп жарыяланды. "Аталган чечим ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясында камтылды",- деп кошумчалайт Атажанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

