Ноокатта 25 жылдык бүтүрүүчүлөр каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй салып беришүүдө




Бүгүн, 25-май күнү Кыргыз өлкөсүндө көпчүлүк бүтүрүүчүлөр мектепти аяктаганынын 10, 20 жылдыгын белгилеп жатышса, Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылында 20 жылдыктын ордуна 25 жылдыкты белгилешүүдө. Анын урматына каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй салып берүүнү чечишкен.
Бүтүрүүчүлөрдүн бири Зиягүл Камаловага SUPER.KG порталы байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Исанов айыл өкмөтүндө жайгашкан Тескей-Кожоке айылынын мурдагы Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин 1986-1996-жылдар аралыгында окуган 1979-жылкы балдар көзү өтүп кеткен классташы Болот Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө беш бөлмөлүү үй салып беришүүдө. Оорудан улам каза болгон классташыбыздын артында калган балдары, аялы бар. Классташ балдар 10 миң сомдон баштап чогултуп беришкен. Чет өлкөдө жүргөн классташтардын бири чатырын, бири цементин, кыштарын алып беришти. Курулуш иштери жазында башталган. Азыр дубалын көтөрүп коюшту. Курулуш иштери бүткөн соң күзүндө Болоттун аялы, бала-чакасы үйгө толугу менен киришет.
Биздин айылда негизи 20 жылдык жок. 25 жылдыкты белгилеп жүрөбүз. Буга чейин маараке ээлери айылга арка, аялдама жасашкан. Биздин балдар болсо классташыбызга үй салып берели деген чечимге келишкен. Буюрса, иш алдыга жүрүп жатат", - деп билдирди Камалова.
Каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй салышууда






1 |