super.kg logo

"Баасы 600 миң сомдон ашык". Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук ичимдиктер аныкталды

 

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз сатылып жаткан 16 миң таңгактан ашуун тамеки продукциясы табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарында атайын рейд жүргүзүшкөн. Анда тамеки продукциясын акциздик маркалары жок мыйзамсыз сатуу фактылары, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок алкоголдук продукциясы менен кампа табылган.

"Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 653 миң 160 сомдон ашык суммадагы 16 миң 329 таңгак ар кандай аталыштагы тамеки продукциялары жана 23 миң сомдон ашык суммадагы 690 бөтөлкө сыра табылган. Ишкерлерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: