Баткенде 4300 гектар жер аянттан чегирткенин уюгу табылды



Баткен облусунда 4 миң 300 гектар жер аянттан чегирткенин уюгу табылды. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Өсүмдүктөрдү химизациялоо жана карантиндик коргоо департаменти Баткен облусунда зыянкеч чегирткелердин личинкаларын изилдөө иштерин жүргүзүштү.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, Баткен облусу боюнча 5 миң 500 гектар жер аянт изилденип, анын ичинен 4 миң 300 гектар жер аянтынан чегирткенин уюгу табылып, химиялык дары-дармектерди колдонуу керектиги аныкталды.
"Бүгүнкү күндө 2 миң 700 гектар жер аянт химиялык иштетүүдөн өттү. Анын ичинен Лейлек районунда 900 гектар, Кадамжай районунда 1600 гектар, Баткен районунда 200 гектар аянт жерлер микронер аппараттардын жардамы менен химиялык дары-дармектер колдонулду.
Зыяндуу чегирткелерге каршы жүргүзүлгөн химиялык иштөөдөн кийин Баткен регионалдык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан биологиялык эффективдүүлүгүн текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда чегирткелерге каршы күрөшүү иштери уланууда", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.