super.kg logo

"Каза болгондор бар". Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атышуу болду

 

Кечээ, 25-майда Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу орун алып, Армениянын бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"25-май күнү саат 14:20да Гегаркуник районундагы Верин Шоржа аймагындагы чек ара бөлүгүндө ок атуучу куралды колдонуу боюнча окуя болгон. Тактап айтканда, Азербайжан армиясы армян күзөтчүлөрү тарапка ок чыгарды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ок атышуунун натыйжасында Армениянын келишимдик негизде иштеп жүргөн сержанты каза болгон.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөп жаткандыгы тууралуу маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: