super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Токон Мамытов Касан-Сай суу сактагычын Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрөт

 

Вице-премьер Токон Мамытов Касан-Сай суу сактагычын Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрөрүн кечээ, 22-октябрда Орток айылдык округунун аксакалдары менен жолугушуусунда айтты.

"Мен бул маселени көтөрөм. Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашканына карабай ал жерде Өзбекстандын жарандары жашайт, бул мыйзамдуу эмес. Ооба, алар 30-40 жылдан бери мында жашашат. Бул мыйзамга туура келбейт, анткени алар төңкөрүш убагында качып кетишкен, кийин бир канча убакыттан соң аларга кайрадан жайгашып, жашоого уруксат беришкен. Мен териштирем, муну ким жана кантип уруксат бергенин",- деп айтты ал. Жолугушуу мезгилинде аксакалдар өкмөттөн да, парламенттен да эч кимге ишенбей тургандыктарын айтып, Токон Мамытовдон суу сактагыч, таза суу, сугат суулары жана башка маселелерин чечип берүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: