super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Олимпиада оюндары токтотулса Япония дээрлик 17 миллиард доллар зыян тартат

 

Быйыл жайында Токио шаарында өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынан улам токтотулса Япония болжол менен 17 миллиард доллар чыгымга учурайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Номура аттуу изилдөө институтуна таянуу менен, чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, эксперттер бийлик жаңы Токиого өзгөчө кырдаал режимин киргизсе, өлкө үчүн мындан дагы чоң экономикалык жоготуулар болорун эскертип жатышат.

"Олимпиада жокко чыгарылса дагы, экономикалык зыян өзгөчө кырдаал режиминин зыянынан аз болот", - деген институттун өкүлү Такахиде Киучи.

Токиодогу Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Олимпиада бир жылга жылдырылган. Эми Олимпиада быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлүшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: